• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинетинин 100 күнү: «Кыргыз темир жолуна» 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечими кабыл алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. 2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар тармагында төмөнкү иш-чаралар аткарылды:

- Бишкек - Москва - Бишкек жана Москва - Бишкек - Москва туруктуу авиакаттамдарынын саны жумасына 3төн 7 рейске чейин көбөйтүлдү;

- «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун (Балыкчы-Барскоон участогу, 0–141,640 км.) реконструкциялоо боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды;

- Будапешт – Бишкек – Будапешт багытында жаңы аба каттамы ачылды;

- «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечими кабыл алынган, анын ичинен 10 жүк ташуучу вагон өлкөгө алынып келинди;

- «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын республикалык бюджет алдындагы 500 млн сом өлчөмдөгү карызын жоюу маселеси чечилди;

- жарандардын аяр категориялары үчүн 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын идентификациялык карт-паспортторун акысыз берүү маселеси иштелип чыкты;

- транспорт каражаттарын жыйымдын нөлдүк ставкасы менен кайра каттоо маселеси иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий