• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинетинин 100 күнү: Мамлекеттик финансы жаатындагы натыйжалар

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти 2021-жылдын октябрында КР министрлер кабинетинин жаңы курамын түзүүдө консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүн 280 миллиард сомго чейин жеткирүү милдетин койгон.

Бул тапшырма аткарылып, консолидацияланган бюджеттин иш жүзүндө аткарылышы 311,0 млрд сомду түзүп, бекитилген пландан 30 млрд сомго жогору аткарылган.

Мындан тышкары, салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык башкаруу жана таза атаандаштык үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодекси кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын президентинин тиешелүү Жарлыгына кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий