• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин 100 күнү: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.06.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар Планын аткаруу алкагында өлкө боюнча «open space» форматындагы 7 калкты тейлөө борбору ачылды.

Атап айтканда, калкты тейлөө борборлору Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында, Бишкек шаарында мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда ачылган.

Ошондой эле 100 күндүк План алкагында 2021-жылдын 3-майынан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт алууга анкета-арыздарды кабыл алуу башталды. Бүгүнкү күнгө карата жалпы жарандык паспорт даярдоого 72 989 анкета-арыз кабыл алынган. 39 236 биометрикалык чет элдик паспорт даярдалган.

Белгилей кетсек, 50 барактан турган паспорт 920 сомду түзөт (банк төлөмдөрүн эсепке албаганда), ал эми 34 барактан турган паспорт 857 сомду түзөт (банк төлөмдөрүн эске албаганда).

2021-жылдын 1-апрелинен тарта транспорттук каражаттардын электрондук паспорту тутуму киргизилген.

Бул тутум автоунаанын даярдалган учурунан тарта, Бажы биримдигинин аймагына импорттолгон учурду кошо алганда утилдештирүүгө же республиканын чегинен тышкары экспорттоого чейинки таржымалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул унаа сатуу же сатып алуу процессин коопсуздандырууга көмөк берет. Жалпысынан буга чейин 12 унаага паспорт берилген.

2020-жылдын 29-июнунан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Санарип аймак" тутумун баскычтуу ишке ашыруу жүрүп жатат.

Бул иштин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 1506 кызматкери окутулду. 2021-жылдын 19-майына карата өлкө боюнча 484 айыл өкмөтү «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат тутумуна туташтырылып, 446 554 үй чарбасы жана 1 517 052 жаран катталган.

Пикир

Оставить комментарий