• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин 100 күнү: «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору иштелип чыкты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик сатып алуулар тутумун өркүндөтүү жана алдыңкы тажрыйбаны киргизүү, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартуу максатында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоору электрондук кол тамганы колдонуу аркылуу электрондук сатып алууларга толук өтүүнү, ошондой эле кийин аны веб-порталда администрациялоо менен электрондук форматта (смарт-контракттар) келишимдерди түзүүнү карайт.

Пикир

Оставить комментарий