• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Өзбекстанга барды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.03.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров өзбек тараптын чакыруусу менен Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн ар кыл аймактарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана илимий-техникалык ишканалардын иши менен таанышууну пландаштырууда.

Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар пландаштырылган.

Акылбек Жапаров ошондой эле Өзбекстандын Жизак районунун Манас айылында жашаган этностук кыргыздар менен да жолугушууну көздөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий