• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинетинин башчысы: билим берүү тутуму реформалоого муктаж

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушууда өлкөдөгү билим берүү тутуму реформалого муктаж экендигин билдирди.

Ал 2020-жыл билим берүү тутумун кардиналдуу түрдө өзгөрткөндүгүн айтты.

"Ааламдашуу, технология дүйнөсүндөгү кечскин секириктер, нано- жана нейро-технологиялар, санарипке өтүү, жашыл экономика – мунун баары санариптештирүү доорунун талабы. Билим берүү тутуму заман талабына жараша жүрүүсү зарыл", - деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Университет 4.0» билим берүү процессин өнүктүрүүнүн концептуалдык моделинин жаңы форматы иштелип чыккан, ал жогорку билим берүүнү өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларына толук жооп берет.

Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин башчысы учурда Ош облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий