• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Акылбек Жапаров Караколдогу талкуу жараткан мал базардын шарты менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы жумушчу сапарынын алкагында, буга чейин эл ылай кечип жүргөн видеосу менен интернетте талкуу жараткан Каракол шаарында жайгашкан мал базардан кабар алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аймактагы ири базардын шарты жакшырып, бирок оңдоо иштери толук соңуна чыга электиги белгиленди. Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликке жеке ишкерлер менен биргеликте жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында оңдоо иштерине көмөк берүү керектигин айтып, мал базардын айланасын көздөн кечирип чыкты.

Министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү бийликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга март айынын соңунда өлкөдөгү мал базарлардын абалын жакшыртып, элге ыңгайлуу шарт түзүү тапшырмасын берген. Акылбек Жапаров өз кезегинде жумуштарды аткарууга бир ай убакыт берип, жеринде өзү барып күтүүсүз текшерүүгө алаарын табыштаган.

Пикир

Оставить комментарий