• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин башчысы КРнын Финляндиядагы Ардактуу консулу менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финляндиядагы Кыргызстандын Ардактуу консулу Петри Олави Нумминен менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады.

Атап айтканда, экономикалык дипломатияны өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча иш-чараларды активдештирүү темалары козголду.

Акылбек Жапаров дипломатка учурда министрлер кабинетинин артыкчылыктуу программалары катары «жашыл» экономика, айыл чарба, энергиянын кайра жаралуучу булактары, жеңил өнөр жай, туризм жана санариптештирүү саналаарын билдирди.

Өз кезегинде Ардактуу консул Петри Олави Нумминен министрлер кабинетинин башчысына Кыргызстанга фин инвесторлорун тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Мында ал фин ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн республикабызга пландаштырылып жаткан сапары тууралуу айтты.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкөдө бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары тууралуу эскертти, алардын катарында либералдык мыйзамдар, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар, төмөнкү салык ставкалары орун алган. Акылбек Жапаров финляндиялык инвесторлордун катышуусунда кышкы тоо туризмин өнүктүрүү боюнча кластер түзүүнүн келечегин, ошондой эле финляндиялык тажрыйбаны колдонуу менен бөтөлкөдөгү сууну дүйнөлүк рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар ошондой эле 2022-жылы Кыргызстан менен Финляндиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толоорун канагаттануу менен белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий