• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Министрлер кабинетинин башчысы Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Долбоордун бетачарында белгиленгендей, долбоор туруктуу транспорттук инфраструктураны, дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын сакталышын, ошондой эле сапаттуу, коопсуз жана арзан турак-жайга жалпы жеткиликтүүлүктү камсыздайт, калктуу пункттарды комплекстүү жана туруктуу пландаштырууга жана аны башкаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана экологиялык жактан туруктуу урбанизация масштабын кеңейтет.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ош облусунун Төлөйкан айылындагы Ак-Буура дайрасындагы горизонталдык өзү агуучу суу алуучу галереянын долбоору менен таанышты, анын курулушу Ош шаарынын тургундарын толук көлөмдө ичүүчү таза суу менен камсыз кылат.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси артычылыктуу саналат жана аны жакын арада чечүү керек, ошондой эле зарыл болгон учурда кошумча каржылоо бөлүнөөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү транспорт тыгындары көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берүүчү "Т" түрдүү жол долбоору менен жеринде таанышты.

Акылбек Жапаров билдиргендей, сунушталган долбоор ишке ашырыла баштаган учурда автоунаалардын саны бир топ жогору болоорун эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу зарыл.

Белгилесек, эки долбоор тең Ош шаарын өнүктүрүү боюнча долбоор алкагында иштелип чыккан.

Министрлер Кабинетинин башчысы долбоорлорду бекитүүдө так эсептерди жүргүзүү зарылдыгын баса белгилеп, Министрлер Кабинети аларды ишке ашырууга колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий