• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинетинин башчысы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө жол инфраструктурасын башкаруу тутумун реформалоо жана мамлекеттик органдын үстүбүздөгү жылга карата пландары боюнча сунуштар айтылды.

Кеңешменин жыйынтыгында Транспорт министрлигинин балансында турган жолдорду тейлөөнү жакшыртуу, жол техникасын жаңылоо, ведомствонун иш планын кайрадан карап чыгуу, үстүбүздөгү жылга долбоорлор боюнча пландалган бардык курулуш объектилерин өз мөөнөтүндо жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий