• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Министрлер кабинетинин башчысынын катышуусунда асыл тукум жылкы чарбаларынын абалы талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Эл аралык күлүктөрдү уюштуруу жана экспорттук жылкы чарбасын өнүктүрүү багыттарындагы иш-пландар талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысына ат спорт оюндары федерациясы тарабынан бул тармактын азыркы абалы жана келечек пландары тууралуу маалымат берилди.

Маалыматка ылайык учурда Кыргызстанда 547 миңден ашык жылкы болсо, анын 5 миңге жакыны спорттук оюндарга тартылган жаныбарлар. Жыл сайын өлкөдө 20дан ашык ат оюндарына байланышкан спорттук иш чаралар уюштурулат.

Ат спорту федерациясы тарабынан министрлер кабинетинин башчысына республикада жайгашкан 6 ат майданын мамлекетик ишкана түзүү аркылуу анын карамагына бириктирүү жана шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.

"Бишкек шаарындагы ат майданын реконструкциялоо президенттин планында, ага каражат булагы да табылган. Анын эл аралык талапка жооп бере турган долбоору жакында даярдалат. Мындан сырткары биз башка аймактардагы майдандардын да шартын жакшыртуубуз зарыл. Ат майдандарды мамлекеттик ишкана түзүп, ага бириктирүү сунушун колдойм. Кыргызстан дүйнөгө өзгөчө асыл тукумдагы жылкыны чыгарып, бул тармактагы чарбаны өнүктүрүү маанилүү- деди Жапаров.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы асыл тукум жылкы чарбасында болуп, анын шарты менен таанышты. Министрлер кабинетинин башчысына асыл тукум чарбасы кабылган көйгөйлөр, өнүктүрүү иш мерчемдери жана суроо сунуштар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий