• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын күн тартибинде 10 маселе белгиленген.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жыйынды ачып жатып, 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинин органдарындагы төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөөрүн белгиледи.

«Биз үчүн бул ардактуу жана жооптуу милдет. Кыргыз Республикасынын президенти биздин өлкөнүн альянстагы төрагалык кылуусунун артыкчылыктарын белгилеп кеткен. Министрлер Кабинети бардык белгиленген пландарды тыкыр иштеп чыгуусу зарыл»,- деди министрлер кабинетинин башчысы.

Андан соң кеңешменин күн тартибине ылайык маселелер каралып, талкуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтер кабыл алынды:

1. «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук түзүмдөрүнүн маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жөнүндө;

2. «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук түзүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жөнүндө;

3. Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму ортосундагы “Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрлөө” долбоору боюнча макулдашууга кол коюуну жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ратификациялоону тездетүү жөнүндө;

4. Ар кандай маселелер:

– «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин токтомунун долбоору жөнүндө;

– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын айрым маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин токтомунун долбоору жөнүндө;

–«Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору тууралуу;

– «Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карызын жабуунун механизмин бекитүү тууралуу» КРнын министрлер кабинетинин токтомунун долбоору тууралуу»;

– «Колдонулган катализаторлорду, катализатордо камтылган шлактарды, күлдөрдү жана баалуу металлдардын калдыктарын Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга тыюу салууну киргизүү жөнүндө» 2021-жылдын 18-августундагы № 141 КР министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору тууралуу;

– «КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР мыйзамынын долбоору жөнүндө;

– КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү трафиктик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР министрлер кабинетинин токтомунун долбоору тууралуу.

Пикир

Оставить комментарий