• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча маалыматты угушту, андан соң Министрлер Кабинетинин бир катар чечимдерин карап чыгып, жактырышты.

Тактап айтканда, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү «Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө», адал индустриясы жөнүндө жана «Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибин бекитүү жөнүндө» Министрлер Кабинетинин токтом долбоорлорун карап, жактырды.

«Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Жашыл шаарлар 2, Терезе 2» Алкактык программасынын «Бишкек автобустары» долбоору) ратификациялоо тууралуу» Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору жактырылды.

Мындан тышкары, «2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору жактырылды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кароого киргизилген бир катар ченемдик-укуктук актылар тар ведомстволук мүнөзгө ээ экендигин белгилеп, министрлик жана ведомство жетекчилерин кеңешмеге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийиштүү жана Министрлер Кабинетинин жалпы курамынын жактыруусун талап кылган маанилүү маселелерди гана киргизүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий