• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Кеңешмеде министрлер кабинетинин мүчөлөрү бир катар маселелерди талкуулап, чечим долбоорлорун жактырышты, алардын катарында 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө чечим долбоору бар.

Андан соң «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» жана «Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору жактырылды

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле «Жаныбарларды идентификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү маалыматтык системасында ветеринардык дары-дармектердин кыймылын эсепке алууну камсыз кылуу боюнча иштин тартибин бекитүү жөнүндө» Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору талкууланып, жактырылды.

Андан соң баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоору каралып, жактырылды.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 «Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору жактырылды.

Мындан тышкары, өзгөчө статуска ээ болгон Баткен облусунун чек ара аймактарында туруктуу жашаган жарандар үчүн «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык дайындалуучу «16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөкпулга ай сайын берилүүчү компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө» токтомдун долбоору жактырылды.

Ошондой эле «2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө» чечим долбоору каралып, жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий