• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинети айыл чарба техникасын сатып алууга 200 млн сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүүнү жактырды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрүп, анда 13 маселе каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, министрлер кабинетинин мүчөлөрү “Күрөө жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” министрлер кабинетинин чечим долбоорун карап чыгып, жактырышты.

Мындан тышкары, Айыл чарба министрлиги “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун кароого сунуштады.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү ошондой эле республикалык бюджеттен айыл чарба техникаларын сатып алууга 199 390 000 (жүз токсон тогуз миллион үч жүз токсон миң) сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүп берүү жөнүндө КР министрлер кабинетинин тескемесинин долбоорун карап, жактырышты.

“2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерин программалык бюджет түзүү ыкмаларына окутууну тапшырды.

Ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү “2021-жылдын 16-ноябрындагы ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамынын долбоору жөнүндө” токтом долбоорун кабыл алды.

Министрлер кабинетинин кеңешмесинде “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечиминин долбоору каралып, жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий