• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин коңшу Казакстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүүсү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинети коңшу Казакстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.

Анда мындай деп айтылат:

"Адам курмандыктары менен коштолгон жана олуттуу материалдык зыянга алып келген башаламандыктар туралуу бир тууган Казакстандан келген билдирүүлөрдү кайгыруу менен кабыл алып жатабыз.

Биздин эл менен Казакстан элин бир туугандык тыгыз байланыштар бириктирип турат. Көптөгөн жылдар бою биз бир тууган элдин социалдык-экономикалык өнүгүү жана мамлекеттүүлүктү чыңдоо жолундагы ийгликтерине кубануу менен көз салып келгенбиз. Акыркы учурга чейин биз Казакстан эли жана жетекчилиги алардын алдында турган бардык маселелерди өз алдынча жана эч кандай тышкы кийлигишүүсүз, улуттук кызыкчылыктарына ылайык чече аларына ишенип турдук.

Бирок кечээ түндө Бишкекке Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевден Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) союздук милдеттенмелеринин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан коопсуздук чараларын камсыз кылуу боюнча колдоо чараларын көрсөтүүсү тууралуу расмий кайрылуу келип түшкөн. ЖККУ Уставына, БУУ Уставына жана биздин мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө эки тараптуу макулдашууларга ылайык, өнөктөш мамлекеттер менен жүргөн консультациялардын жана бир тууган мамлекеттин жетекчилиги менен кошмча жеке сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши алдында Казакстанга ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясына катышуу мандаты менен куралдуу күчтөрдүн чектелген контингентин жөнөтүү маселесин демилгелөө тууралуу чечими кабыл алынды. Ошол эле учурда Кыргызстандын аскер бөлүгүнүн ролу стратегиялык объектилерди коргоо менен гана чектелип, карапайым калк менен эч кандай өз ара аракеттенүүнү, же коомдук тартипти камсыз кылуу жоопкерчилигин камтыбашы керек.

Кыргыз РеспубликасынынпПрезиденти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңешке аскер бөлүгүн Казакстандын аймагына жөнөтүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу маселесин кароо сунушу менен кайрылды.

Министрлер кабинети Кыргызстандын элине, өлкөнүн бардык коомдук-саясий күчтөрүнө бул чечимге толук түшүнүү жана жоопкерчилик менен мамиле кылуу чакырыгы менен кайрылат. Казакстан Республикасынын жакын коңшусу жана стратегиялык союздашы катары Кыргыз Республикасы анын мыйзамдуу бийлигинин жардам көрсөтүү чакырыгын четке кагууга укугу жок жана ЖККУнун алкагында өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарат".

Пикир

Оставить комментарий