• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинетинин сайтында жарандарга акчалай жардам берилет деген маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги министрлер кабинетинин сайтында жарандарга акчалай жардам берилет деген маалымат жалган экенин билдирди.

“Жарандар кошумча каржылык төлөмдөрдү ала турган жаңы мыйзам жөнүндө мессенджерлерде жана социалдык тармактарда таратылган маалыматтар туура эмес. Маалыматка министрлер кабинетинин расмий сайтына тиешеси жок жалган шилтеме тиркелет”, - деп айтылат маалыматта.

Министрлик жарандардан этият болууну жана расмий булактар аркылуу жайылтылган маалыматка гана көңүл бурууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий