• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга барат

Өкмөт 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эртең Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүүчү «COVIDден тышкары – Борбордук Азиядагы адилеттүү калыбына келтирүүгө карай жол» Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча экинчи аймактык саммиттин ишине катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саммиттин алкагында Акылбек Жапаровдун Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жана БУУ Баш катчысынын орун басары, БУУӨП администраторунун орун басары Уша Рао-Монари менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Маалымдама: Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча экинчи аймактык саммит Борбордук Азия чөлкөмүндө COVID-19 кийинки калыбына келтирүү көйгөйлөрүн талкуулоо, тажрыйба жана билим алмашуу, комплекстүү чечимдерди издөө үчүн аянтча түзөт. Аймактык саммитке Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын (БУУ, ЕБ), дипломатиялык корпустун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Пикир

Оставить комментарий