• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин төрагасы Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат

Өкмөт 0

Бишкек 13.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Дубай шаарындагы «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышып, ошондой эле Дубай шаарындагы «Dubai Smart City» жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» менен таанышат.

Акылбек Жапаровдун жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызстан - Бириккен Араб Эмираты - 2021» туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өтөт, анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий