• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы Камбар-Ата – 1 жана 2 ГЭСтеринин курулушу жөнүндө

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Камбар-Ата – 1 жана 2 ГЭСтеринин (КАГЭС) курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында КАГЭСтин кубаттуулугу 1 миң 860 МВт түзөт. “ Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык ГЭСтин курулушунун биринчи этабын биз өзүбүз жүргүзөбүз. Алгачкы инфраструктураны түзүү үчүн болжол менен 18,8 млн доллар керектелет. Курулушка каражатты республикалык бюджеттен бөлүү каралган. Учурда Финансы министрлиги бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүүдө”, - деди ал.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы кошумчалагандай, Камбар-Ата - 2 ГЭСинин (КАГЭС) экинчи гидроагрегатын орнотуу боюнча курулуш иштерин баштоо ушул жылдын аягына же 2023-жылдын башына пландаштырылган. ГЭСтин кубаттуулугу 250 МВт түзөт.

Эске салсак, Камбар-Ата -2 ГЭСинин кубаттуулугу 120 МВт болгон биринчи гидроагрегаты 2010-жылы ишке киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий