• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров БАЭге болгон иш сапары тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. КР президентинин администрациясынын башчысы – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бириккен Араб Эмирлигине иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу ал “Мамлекеттик сатып алуулар” КРнын мыйзамынын долбоорун коомдук угуу учурунда жеке өз билдирди.

Анын айтымында, иш сапардын негизги максаты “ЭКСПО-2020” көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук күндөрүн өткөрүүгө катышуу болгон.

“Иш-чаранын алкагында биз “ЭКСПО-2020” көргөзмөсүнө катышкан бардык өлкөлөрдүн жаңы технологиялары жана инновациялык мамилелери менен таанышып, күбө болдук. “ЭКСПО-2020” көргөзмөсүнүн алкагындагы эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында элибиздин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча 5 жылдык пландарыбызды оңдоп алабыз деп ишенем. Анын ичинде кеңсеси Дубайда жайгашкан Улуттук көз карандысыз фондубузду түзүү менен. Акырындык менен фонддун филиалдары дүйнөнүн бардык финансы борборлорунда ачылат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы иш сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмиратынын министрлер кабинетинин иши жана келечеги боюнча министри, БАЭнин Федералдык Улуттук кеңешинин иштери боюнча министри менен жолугуп, ошондой эле БАЭнин вице-премьер-министри менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» жогорку технологиялык экошаарчасына жана Дубай шаардык полициясынын “Акылдуу шаар” борборунда болду.

Пикир

Оставить комментарий