• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары COVID-19 каршы эмдөө алды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал вакцинациянын жана жамааттык иммунитеттин пайда болуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды эмдөөгө катышууга чакырды.

Учурда республикада калкты COVID-19дан вакцинациялоо кампаниясы жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик орган кызматкерлери эмдөөдөн өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий