• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Москвада жумушчу сапары менен жүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москвада (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын жүрүшүндө Арзыбек Кожошев эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрүп, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-пленардык жыйынына катышат, ошондой эле ЕЭК Кеңешинин төрагасы катары Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий