• 82
  • 84.48
  • 1.35

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары парламентте ант берди

2983 кароо Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ант берди.

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалган Адылбек Касымалиев жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгон Бакыт Төрөбаев ант берди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров катышууда. Мамлекет башчысы жыйында сөз сүйлөйт.

Пикир

Оставить комментарий