• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Баткен облустук гимназия жатак мектебине барды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө облустагы социалдык обьектилердин абалы менен таанышуусун улантууда.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Эдил Байсалов Баткен облустук гимназия жатак мектебине барды.

«Өлкөнүн келечеги - билимдүү жаштарда. Биз жаңыча ой жүгүрткөн, дүйнө элин таң калдыра турчу жаштарды тарбиялашыбыз керек. Бүл үчүн билим берүүнүн сапатын дагы өзгөртүү зарыл. Мындан ары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулмакчы. Өнүккөн, күчтүү мамлекетти курууда билимдүү жаштарыбыздын орду чоң», - деп белгиледи Байсалов.

Өз имараты жок, тойканада ижара төлөп иштеп келе жаткан Баткен облустук китепканасына барып, ал жердеги көйгөйлөр менен таанышты.

«Китепкана бул куттуу жер. Буга чейин ушундай куттуу жерлер көз жаздымда калып, көңүл бурулбай келгени чындык. Эми андай болбойт. Президентибиз, министрлер кабинетинин төрагасы дагы социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурууну тапшырып жатат. Биз жакыр өлкөбүз деген синдромдон баш тартып, өз күчүбүз менен калкка мамлекеттик тейлөө көрсөтүүчү, адамдар өз потенциалын өстүрүүчү жайларды курабыз», - деди Эдил Байсалов.

Андан соң ал Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барып, ал жерде иштеп жаткан жамаат менен жолугуп, пикир алышты.

Эдил Байсалов жолугушуу учурунда Баткен облусу өзгөчө статуска ээ болгонун, бийлик тараптан облустун потенциалын көтөрүү үчүн иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий