• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улуттук тарых музейинин ишине тийиштүү кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин капиталдык ремонтун жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, тарых музейи республика үчүн өзгөчө тарыхый-маданий мааниге ээ.

«Жалпыбызга белгилүү болгондой, тарых музейи өзгөчө тарыхый-маданий мааниге ээ. Ал биздин элибиздин, өлкөбүздүн бардык өнүгүү баскычтарын өзүнө камтып турат. Андыктан анын мындан аркы үзгүлтүксүз иш алып барусун камсыздоо абдан маанилүү. Ал ишин жүргүзүп, жарандарыбызды, өсүп келе жаткан муун өкүлдөрүн, шаарыбыздын меймандарын Кыргызстандын тарыхы менен кеңири тааныштырып туруусу тийиш», - деди ал.

Кеңешмеде белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте «Vitrinen-und Glasbau REIER» герман компаниясынын өкүлдөрү менен Улуттук тарых музейин капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча аталган компания өзүнө алган милдеттенмелерди жыйынтыктоосу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруу маселесин иштеп чыгуусу зарыл.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине Улуттук тарых музейин реконструкциялоо боюнча ишти аяктоого жыйынтык сметаны сунуштоосу, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви менен биргеликте нукура экспонаттарды берүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине бир жумалык мөөнөттө курулуш иштерин жыйынтыктап, музей имаратын оңдоо иштериндеги кемчиликтерди жоюусу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий