• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрт мүчөсү мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен, мамлекет башчысынын 2021-жылдын 12-октябрындагы № 422 «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылынат:

Төмөнкүлөр мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулсун:

— Бакашова Жылдыз Кемеловна — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

— Догоев Дастан Давлетович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри;

— Чынбаева Асель Рыспековна — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

— Иманалиев Кайрат Олжобаевич — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.

Пикир

Оставить комментарий