• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинетинин түзүмүнө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кошулду

Президент 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган Жарлык менен президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизилет.

Бул Жарлык санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигин Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин түзүмүнө киргизүүнү карайт.

Пикир

Оставить комментарий