• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министрлик: Аба ырайына байланыштуу муктаждык келип чыкса, мектептер убактылуу жабылат

Билим 0

Бишкек, 24.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги жана бала бакчалардагы абанын температурасын күн сайын текшерип турууга буйрук берди. Эгерде муктаждык келип чыкса, суукка байланыштуу убактылуу жабылат.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери , андан тышкары Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарына билим берүү имараттарындагы абанын температурасын күн сайын текшерип туруу буйругу берилди.

Министрликтин маалыматында, санэпидемкөзөмөл департаментинен тиешелүү көрсөтмө келсе, министрлик тараптан окуу процессин убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алынат.

Синоптиктер мурда маалымдашкандай, 26-29-январь күндөрү Кыргызстандын аймагында аномалдуу суук аба ырайы күтүлөт. Өлкөнүн айрым райондорунда абанын түнкү температурасы -35 градуска чейин түшүшү мүмкүн.

Белгилей кетсек, Казакстандын борбору Астана шаарында катуу сууктан мектептер убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий