• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрликтен келген чиновниктерди обсервацияга киргизбей койгон дарыгер жумуштан алынган жок – Акматова

Ден соолук 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Атайын кийими болбогондуктан министрликтин чиновниктерин Бишкектеги №1 мектеп-интернатындагы обсервацияга киргизбей койгон дарыгер жумуштан алынган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Акматова, дарыгер Бахтияр Абсаматов жумуштан кетпегенин айтып өттү.

"Анын жумуштан алынганы тууралуу маалымат кайдан чыкканын түшүнбөй жатам. Обсервацияга келген Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери менен атайын иш жүргүзүлүп, ага катуу эскертүү берилди", - деди ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий