• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Минск шаарында кыргыз-беларусь ТИМдер аралык консультациялары өттү

Саясат 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. 30-январда Минск шаарында Кыргызстан менен Беларустун тышкы саясий ведомстволорунун консультациялары өттү. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев жана анын беларусь кесиптеши Игорь Назарук төрагалык кылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бири-бирин Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттукташты.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин бардык комплексин, ошондой эле евразия мейкиндигиндеги интеграциялык бирикмелердин жана дүйнөлүк эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңири талкуулашты.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, 2022-жылы 1,5 эсеге өскөн өз ара сооданы көбөйтүү зарылчылыгы айтылды. Ошону менен бирге бул маселеде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын экономикалык багытын илгерилетүү үчүн негизги аянтча катары Өкмөттөр аралык комиссиянын ролу белгиленди. Тараптар Кыргызстан менен Беларустун ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү боюнча ишти улантуу, ошондой эле өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү ниетин билдиришти.

Ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ жана КМШ алкагында өз ара аракеттенүү, БУУнун жана башка эл аралык платформалардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана жаңылоо маселелери дагы каралды.

Мындан тышкары, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланып, бул контекстте тараптар Кыргызстанда быйыл Беларустун маданият күндөрүн жана улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишти.

Консультациялардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган Иш-чаралар планына жана 2023-2024-жылдарга Кыргызстан менен Беларусь ТИМдеринин ортосундагы кызматташуу программасына кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий