• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Минскте “Биздин биргелешкен Жеңишибиз” аттуу көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. 17-июнь күнү Минск шаарында Беларус мамлекеттик Улуу Ата Мекендик согуштун тарых музейинде “Биздин биргелешкен Жеңишибиз” аттуу көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Көргөзмө Улуу Ата Мекендик согуштун 75-жылдыгын майрамдоонун алкагында, КМШнын уставдык жана башка органдарынын алдындагы Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн демилгеси менен уюштурулган.

КМШ өлкөлөрүнүн Улуу Жеңишке кошкон салымы тууралуу баяндаган экспозиция Беларус мамлекеттик Улуу Ата Мекендик согуштун тарых музейинин жана “Брест-баатыр чеп” аттуу мемориалдык комплексинин жардамы менен даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий