• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Минскте Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды

Коом 0


Минск, 27.11.18. /Кабар/. Минсктеги Ванеев көчөсүндө Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен Чыңгыз Айтматов атындагы парктагы эстелик белгинин ачылыш салтанаты болду.

Иш-чарага Беларусия Республикасынын өкмөт башчысы Сергей Румас, Кыргызстандан барган расмий делегация жана шаар тургундары катышты.

"Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин улуу уулу, ал глобалдык масштабдагы инсан болгон. Бул парк биздин мамлекеттер ортосундагы бекем достуктун символу", - деп билдирди Румас.

Өкмөт башчы кыргыз элинин, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана жеке өзүнүн атынан Беларусь Республикасынын жетекчилигине, ошондой эле Минск шаардык аткаруу комитетине Чыңгыз Айтматовдун наамын баатыр-шаар Минскинин борборундагы көркөмдүү паркка ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биздин өлкөнүн ар бир тургуну үчүн мааниси зор, кыргызстандыктардын гана эмес, жалпы дүйнөлүк коомчулуктун күнүмдүк турмушунун жана дүйнө таануусунун калыптанышына зор салымын кошкон адамдын элесин түбөлүккөкалтыруу тууралуу кабар биздин республикада кубануу менен жана Ч.Айтматовдун элесине терең таазим катары кабыл алынды. Бул парк биздин бир тууган элдер ортосундагы достуктун жаркын символу катары кызмат кылаарына ишеним артам. Биз мында белорус элинин жаш мууну жана чыгармачыл адамдары бош убактысын өткөрүп, парктын деми адамзатынын келечек өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүчү жаңы ойлордун, демилгелердин жана Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу жазуучулардын жаралышына шарт түзөт деп ишенебиз", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленип жатат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн жумушчу сапары менен Минск шаарына барды. Сапардын учурунда өкмөт башчы 26-27-ноябрда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелерин карашат.

Анын ичинде Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу темалардын талкууланышы күтүлүүдө, ЕАЭБдин 2019-жылга бюджети каралат, ошондой эле 2017-2018-жылдары ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчет угулуп, башка актуалдуу маселелер каралмакчы.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, иш сапар алкагында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы Ч.Т.Айтматов атындагы парктын салтанаттуу ачылышына катышат.

Буга катар Премьер-министр ошондой эле Белорус жогорку технологиялар паркына, Беларусь ГС1 Автоматтык идентификатташтыруу ассоциациясына, "Великий камень" индустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат.

Пикир

Оставить комментарий