• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Минскте ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө. Видео

ЕАЭБ 0


Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө. Салтка айланган сүрөткө түшүү иш-чарасынан жана жыйындын кеңейтилген форматынан тартылган видеону Евразия экономикалык комиссиясынын Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жүктөгөн.

Белгилей кетсек, ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына КРнын премьер-министри Кубатбек Боронов, ошондой эле Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын өкмөт башчылары жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

Жыйындын күн тартибинде соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактарында өз ара иштешүү маселелери бар.

Ошондой эле тараптардын ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү, бирликтин финансы рыногунун концепциясын иштеп чыгуу жана башка бир катар темаларды талкуулоосу пландалган.

Кеңештин алкагында өкмөт башчы Бороновдун бир нече жолугушууларды өткөрүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий