• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Минскте КМШ маалымат агенттиктерине III ДКО тууралуу малымат берилди

Коом 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Минскте КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXIV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин жыйыны болуп, анда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берилди.

8 маалымат агенттиктин өкүлдөрүнө ДКО тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Таабалдиев айтып берди.

Ал КМШ өлкөлөрүндөгү медиа каражаттарынын өкүлдөрүн 2018-жылдын сентябрь айында боло турган III ДКО тууралуу чагылдырууда жигердүү катышууга чакырды.

Жыйынга ТАСС Башкы директору Сергей Михайлов, “БелТА” директору Ирина Акулович, “Казинформ” агенттигинин директорунун орун басары Жасулан Тойболдин, “Ховар” агенттгигинен Сарварой Азимов, “Арменпресс” жана “АзерТАдж” агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий