• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Минскте кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал талкууланышы мүмкүн

Саясат 0


Москва, 30.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бүгүн Минскте ЖККУ жыйынында кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал талкууланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россияга иш сапарынын жыйынтыгы боюнча брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“30-ноябрда Минскте Жамааттык коопсуздук Келишим уюмунун мамлекет башчылары чогулушат. Анда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев дагы болот. Жыйын учурунда мен бардык мамлекет башчылар менен жолугушам. Назарбаев Нурсултан Абишевич менен жолугуп сүйлөшүүлөрду жүргүзөм. Бул маселелерди дагы сүйлөшөбүз деп ойлойм”, - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн, 30-ноябрда Жээнбеков Минскте өтө турган ЖККУ маарекелик жыйынына катышат.

Пикир

Оставить комментарий