• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Минскте "Кыргыз кино күндөрү" өтөт

Маданият 0

Бишкек, 04.03.19./Кабар/. Беларустун борбору Минск шаарында "Кыргыз кино күндөрү" өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Аталган иш-чара 4-6 март күндөрү өтүп, анын ачылышы бүгүн саат 17:00дө болот.

Кино күндөрүнүн алкагында Кыргызстандын үч тасмасы көрсөтүлөт. Биринчи күнү көрүүчүлөр Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" тасмасын, экинчи күнү Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасын көрө алышат.

Ал эми 6-март күнү Темир Бирназаровдун "Түнкү авария" тасмасы көрсөтүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий