• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Минскте журналисттер Россиянын элчиси өткөргөн пресс-конференцияга байкот жарыялашты

Дүйнө 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. Минск шаарында ири массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Россиянын Беларусиядагы элчиси Михаил Бабич өткөргөн пресс-конференцияга байкот жарыялашты, деп жазат currenttime.tv.

Пресс-конференция Крымдын Россиянын курамына кошулушунун беш жылдыгына арналган болчу.

Беларусиянын ири көз карандысыз массалык маалымат каражаттары бул тууралуу кайрылуу тараткан: Бул маселенин оң жана терс жактарын таразалап, пресс-конференцияга катышпоону чечтик, – деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле кайрылууда – биз элчинин өзүнө көңүл бурбай койгон жокпуз, биз аны менен беларус-орус эки тараптуу кызматташтык боюнча пресс-конференция болсо, ага катышууга даярбыз, – деп айтылат.

“Бирок, маалымат жыйында биздин журналисттердин катышуусунда айтылган теманы эске алуу менен бирге окурмандарда алар (журналисттер) 2014-жылы болгон Крым окуяны боюнча бир тараптын позициясын колдоп жатат деген ой жаралбашы керек”, - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат жыйынга келген мамлекеттик ММКлардын журналисттери да элчиге бир дагы суроо узатышкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий