• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Минсктеги КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 29.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышкан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, КМШ мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар тарабынан төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Жугуштуу оорулардын жайылышына каршы туруу боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин орто мөөнөттүү планы жөнүндө;

- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймактарын Санитардык жактан коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин калкын жумуштуулук менен камсыздоого көмөктөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

- Туура эмес товардык белгилердин жана географиялык көрсөткүчтөрдүн колдонулушун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

- КМШга мүчө мамлекеттердеги мамлекеттик материалдык резервдерди башкаруучу мамлекеттик (аткаруу) бийлик органдарынын 2030-жылга чейинки мезгилдеги кызматташтыгынын концепциясы жана аны ишке ашыруунун негизги иш-чаралар планы жөнүндө;

- КМШга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейинки шарп оорусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын топтому жөнүндө;

- Шериктештикке мүчө мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана жерди аралыктан зонддоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө;

- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрдүн офицерлерин ыкчам-стратегиялык даярдоо жаатындагы негизги уюму жөнүндө.

- Кадрдык дайындоолор жөнүндө.

Белгилесек, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн.

КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны 2021-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий