• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Минсктеги паркка улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Маданият 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Минсктеги (Беларусия) паркка улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Минск шаардык кеңештин депутаттарынын чечимине таянып Улуттук укуктук интернет-порталы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, орус жана кыргыз адабиятындагы классиктин ысымы Плеханов – Ванеев – Райнис көчөлөрүнүн чек арасында жайгашкан паркка ыйгарылган.

Чечим үстүбүздөгү жылдын 29-майында жарыяланган.

Ошондой эле аталган маалымат тууралуу Беларусиянын ЖМКры да жазып чыгышкан.

Эске сала кетсек, быйыл жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата көптөгөн өлкөлөрдө жана Кыргызстанда Айтматовго арналган ар кандай маданий иш-чаралар уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий