• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Мир» телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 22.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршинди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууга ошондой эле «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы Улуттук филиалынын директору Динара Сүймалиева да катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын төрагасына «Данакер» орденин тапшырды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен Радик Батыршин КМШ өлкөлөрүнүн элдери ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту бекемдөөгө кошкон эмгеги жана жеке салымы үчүн сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү Жарлыгына 2018-жылы кол коюлган.

Сооронбай Жээнбеков КМШда эле эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү жана иш-чараларды чагылдыруу боюнча «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын алгылыктуу иштерин канааттануу менен белгиледи.

«Сиздердин жамаат Шериктешке кирген мамлекеттердеги телекөрүүчүлөрдүн арасында чоң абройго ээ болуп, компания дүйнөдөгү мыкты теле уюмдары менен тең ата атаандаша ала турганын далилдеди», — деп баса белгиледи ал.

Президент ошондой эле «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы Улуттук филиалы өлкөдөгү маанилүү окуяларды күн сайын чагылдырып, кыргызстандыктардын турмушун даңазалап жатканын белгиледи.

«"Мир" телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы Улуттук филиалынын жамааты ар дайым биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргойт жана илгерилетет. Эл аралык маалымат айдыңында Кыргызстандын позитивдүү беделин калыптандырууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршин ал жетектеген каналдын ишмердигине берилген жогорку баасы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Ага ыйгарылган жогорку сыйлыкты көп улуттуу жамааттын жана бүтүндөй телерадиокомпаниянын сыйлыгы катары кабыл алаарын баса белгиледи.

Радик Батыршин кийинки жылдары Кыргызстандын жетекчилигинин колдоосун ар дайым сезе турганын кошумчалады.

«Биз Кыргызстанды телерадиокомпаниябыздын өсүп-өнүгүүсүнүн жана ийгиликтеринин драйверлеринин бири катары көрөбүз. Башкалар менен бирге Кыргызстандын жетекчилигинин да колдоосу менен КМШдагы бирдиктүү маалымат айдыңы өнүгүп жатканы сезилет, биздин телерадиокомпания дал ушул максатта түзүлгөн», — деди Радик Батыршин.

«Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын төрагасы Президент Сооронбай Жээнбековго экономика, кыргызстандыктар, региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү тууралуу жаңы долбоорлорду баштоо боюнча телеканалдын пландары жөнүндө айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий