• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Мир» телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Батыршин Радик Ириковичти «Данакер» ордени менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигиндеги өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоого кошкон жеке салымы жана сиңирген зор эмгеги үчүн «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясы» жабык акционердик коомунун төрагасы Батыршин Радик Ирикович «Данакер» ордени менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий