• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мирбек Кожоев Ысык-Көлдө эс алып жаткан баткендик балдардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 12.06.21. /Кабар/. Кечээ, 11-июнда Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан "Жалын" лагеринде Баткен облусунан чек арада болгон окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн Ысык-Көлгө эс алууга экинчи жолу жиберилген балдары менен жолугуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Калыбек Жумадылов катышып, өз сөздөрүндө балдарга ден соолук каалап, мындан ары мындай жаман окуяга кабылбай, келечектери кең болуусун каалап өтүштү.

Ошону бирге балдардын көңүлүн көтөрүп, ар кандай концерттик программа уюштурулуп, облус жана район жетекчилери тарабынан балдарга жана коштоп келген эжейлерине ар кандай белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий