• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мирбек Үсөбаев: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн жана "Кыргызстан" китебин кайра басып чыгаруу пландалууда

Маданият 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Жусуп Абдрахмановдун эмгегин жана ойлорун кеңири жайылтуу жана ал жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат берүү максатында анын күндөлүгүн жана "Кыргызстан" китебин кайра басып чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Үсөбаев билдирди.

Анын айтымында, Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө максатында өлкө боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү максатында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан.

"Жусуп Абдрахманов "Кыргызстан" китебин арап ариби менен кыргыз тилинде жазган. Ал китепте өлкөнүн өнүгүшүн кеңири баяндаган. Абдрахманов китебинин көп сандаган барагын айыл чарбасына, агроөнөр жай комплексине жана өнүгүүнүн башка тармактарына арнаган. Бул китеп аз санда чыккан. Азыр анын 120 жылдык мааракесинин алкагында аталган китепти кайра чыгарууну жана саясий процесстерди, ишмердүүлүгүн баяндаган күндөлүгүн да чыгарууну пландап жатабыз. Ошондой эле буга чейин "Улуу Жусуп Абдрахманов жана анын доору" аттуу китеп дагы чыккан. Анын бет ачары жакында өтөт", - деди ал.

Мындан тышкары, Үсөбаев Бишкек шаарынын Биринчи май районун жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын атын Жусуп Абдрахмановдун урматына анын атына өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп жатканын кошумчалады.

"Азыркы мамлекетибиздин түптөлүшүнүн башында Жусуп Абдрахманов турган. Анын аракети менен өзүбүздүн чек араларыбыз бар. Бүгүнкү күндө анын ысымы КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына ыйгарылган. Келечекте анын урматына борбордун Биринчи Май районун жана Балыкчы шаарынын атын өзгөртүү демилгесин көтөрүүнү пландап жатабыз. Балыкчы шаарына “Жусуп ата” атын берүүнү сунуштайбыз", - деди Үсөбаев.

Пикир

Оставить комментарий