• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Миргазы Исаков Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Миргазы Исаков Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев кол койгон.

Исаков буга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын уюштуруу-текшерүү иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору кызматын аркалап келген.

"Дайындоо ротациялык негизде Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 17-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында саясий кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо жөнүндө" жарлыгына ылайык жүргүзүлдү", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Миргазы Исаков 1976-жылдын 2-мартында Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий