• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мирлан Мурзаев Индиянын “Ченнаи” клубуна өттү

Спорт 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Индиянын Суперлигасында ойногон “Ченнаи” клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси билдирди.

Мирлан Мурзаев 2019-жылдан бери Бишкектин “Дордой” клубунда ойноп, капитандык боону тагынып жүргөн.

Эскерте кетсек, футболчу Улуттук курамада алгачкы дебютун 2009-жылы баштаган, учурда 14 голу менен команданын бомбардири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий