• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Миррахимов илимий универсиадасынын” жеңүүчүсү КРСУ командасы болду

Коом 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. “КММА-2017 илим күндөрү” Эл аралык илимий конференциясынын алкагындагы 12-апрелде өткөн “Миррахимов илимий универсиадасынын” жыйынтыгы боюнча жеңүүчүсү Б.Н.Ельцин атындагы КРСУ командасы болду. Бул тууралуу КММА басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, универсиадада жеңиш жана байге үчүн аспиранттардан, ординатордон жана 6-курстун студенттеринен турган КММАдан 2 жана КРСУ, ОшМУдан бирден команда катышты. Турнирдин максаты кардиология жана терапия тармагындагы практикалык жана илимий-изилдөөчүлүк ишмердикке кызыгууну өнүктүрүү болуп саналат.

Универсиаданын жыйынтыктарын калыстар тобунун төрагасы, КММАнын ардактуу профессору Асан Жайлообаев жарыялады. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 14-апрелде конференциянын жыйынында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий