• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мирзахмедов Аксы районундагы социалдык объектилердин абалынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Күн мурун, 28-август күнү өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов Аксы районундагы бир катар социалдык объектилердин абалынан жеринде кабар алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда облус башчысы аймактагы медициналык мекемелердин ишмердүүлүгү, күз мезгилинде оору-сыркоону жайылтпоо үчүн алдын алуу чаралар, мектептердин жаңы окуу жылына даярдыктары жана 1-класстын окуучуларын кабыл алуудагы жаратылган шарттарын көрдү. Ошондой эле алдыда өтүүчү шайлоо өнөктүгүндө тургундардын коопсуздугу үчүн санитардык эрежелердин сакталышы менен таанышты.

Облус жетекчиси аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүн, кошумча орундарды камсыздоо үчүн даярдалып жаткан имараттарды кыдырды.

"Өкүл райондогу айрым мектептердин окуучуларды кабыл алуудагы даярдык шарттарын сынга алды. Шайлоочулардын илдетти жугузуп алуу тобокелчилигин азайтуу максатында, бардык санитардык талаптар так сакталууга тийиш экенин айтты. Маалым болгон кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу тапшырмасын берди. Ага улай тийиштүү жетекчилер калктын саламаттыгына өз учурунда кам көрүүнү күчөтүү, райондун социалдык экономикалык дараметин ашырууда жоопкерчиликтүү иштөөгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Аксы районунда 145 миң 400дөн ашуун калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий