• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мирзахмедов: "Сузак – Жалал-Абад" каттамын жандандырууга уруксат берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Райондор аралык каттамдардын ичинен "Сузак–Жалал-Абад" маршруттук каттамын жандандырууга уруксат берилди. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.

Анын айтымында, облустун башка жерлеринде райондор аралык каттамдарды жандандырууга уруксат бериле элек.

"Калган башка райондорго уруксат берилген жок. Учурда жарандар бири-бири менен байланышта көп болуп жаткандыктан, элге көчөгө же коомдук жайларга чыкканда беткап кийип, жаныңыздарга антисептик ала жүрүңүздөр деп кайрылат элем,. Медицина кызматкерлери койгон талаптарды толук аткарып берсеңиздер, биз бул илдетти жакынкы арада жеңип чыгабыз", - деди Мирзахмедов.

Пикир

Оставить комментарий