• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мирзахмедов: Түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү алып баргыла

Аймак 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов облустук штабдын жыйынында калк арасында түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү алып баруу керектигин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, облустук штабдын жыйынында санитардык талапка жооп бербеген объектилердин текшерилүүсү жана учурдагы жалпы абал талкууланды.

"Өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов облустук штабдын мүчөлөрү жана район-шаардын жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү. Жер-жерлердеги обсервациялардын абалы, санитардык эрежелердин сакталышы, эл көп жүрө турган объектилерди дезинфекциялоо жумуштарынын жүрүшү тууралуу маалыматтар берилди", - деп кабарлашты өкүлчүлүктөн.

Мирзахмедов оору көп катталып жаткан аймактарга, чоң шаарларга болгон каттамды токтотуп, эл көп жыйналган жерлерге барбай турууну жергиликтүү элге айтып, түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү алып баруу керектигин билдирген.

Ошондой эле аким жана мэрлерди обсервацияларды талапка жооп бере тургандай шартта кароо жагына да көңүл бурууга чакырып, эл көп чогулган аймактарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүшү керектигин баса белгилеген.

Белгилей кетсек, облус боюнча 1 миң 534 объекти текшерүүгө алынып, талапка жооп бербеген объектилерге 259 миң сом айыппул салынган.

Бүгүнкү күнгө карата облус боюнча коронавирус жуккан 329 учур катталды, анын ичинен 193 адам айыгып, ооруканадан чыкса, учурда 63 жаран ооруканаларда дарыланууда. Ал эми 67 жаран үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуудда.

Пикир

Оставить комментарий